iOS
Көрүнүш
("Apple iOS" барагынан багытталды)
| Компания / түзүүчү | Apple |
|---|---|
| ОС бүлөсү | Unix |
| Иштөө абалы | иште |
| Код модели | Жабык (Бош компонентүү) |
| Биринчи релизи | 29 июль 2007 жыл |
| Колдогон тилдер(s) | 34 тилдүү |
| Башкаруучу пакет | Apple Store |
| Колдогон платформалар | биринчи релизи (9.0) жеткиликтүү:
|
| Кернел тиби | XNU Монолиттик |
| Баштапкы колдонуучу интерфейси | API |
| Расмий веб сайт | apple.com/ru/ios |
iOS - Электрондук техникаларды өндүргөн “Apple” корпорациясынын өздүк оперативдик системи. Бул оперативдик систем аталган корпорациянын гана техникаларына орнотулат.
Мүнөздөмө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Артыкчылыктары
- Колдонууга оңой жана түшүнүктүү. Ичиндеги кызматтарды колдонуу ашыкча түйшүктү талап кылбайт.
- Интернетке кирүү жогорку ылдамдыкта.
- Программалардын иштөөсүн тез аткарат.
- Программа, оюн жана башкаларды жүктөөдө вирус кирип кетүү коркунучу жокко эсе.
- Оюндары, программалары сапаттуу.
- Android’ге салыштырмалуу энергияны аз сарптайт.
- Оперативдик системди жаңылоого мүмкүн.
- Картадан жүргөн дарегиңизди, ошол аймактын аба ырайын аныктап, жергиликтүү ресурс, сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
- Видеобайланышты камсыздайт.
Кемчиликтери
- Аталган оперативдик систем бир гана “Apple” корпорациясынын телефондоруна орнотулат.
- Программа, оюн жана башкаларды жүктөө үчүн корпорациянын өндүргөн продуктыларын гана жүктөөгө болот, ошондой эле алардын баасы башкаларга салыштырганда кымбат турат.
- FM радио жок.
- Видеолордун көпчүлүк форматын окуйт. Ал эми flv форматындагы видеону көрсөтө албайт. Бул үчүн атайын программа орнотуу зарыл.
- Блютузду иштетүү үчүн да атайын программа орнотуу талап кылынат.
- Кошумча эс (флешка) туташтырууга мүмкүн эмес.
- Кошумча интернет түйүндөрүнүн кызматтары туташтырылган эмес.